
Кечээ, 21-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 361-370-чакырымына сел түшкөн.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, жеринде тазалоо иштери жүргүзүлүп, бүгүн, 22-июнда жол эки тараптуу ачылды, каттам бар.