Биз социалдык тармакта

“75чилердин каты” боюнча сот кайра жабык өтмөй болду

22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” боюнча кылмыш ишин кароо учурунда сот жараянын кайра жабык өткөрүү чечими кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, прокурорлор сотту жабык өткөрүү өтүнүчү менен кайрылып, бул сунушту айыпталуучулардын айрымдары колдоду. Ал эми мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жараянды ачык өткөрүүнү талап кылып, каршы чыккан.

Судья Азирет Медеров тартип бузду деген негизде Курсан Асановду сот залынан чыгарып, ишти жабык кароо чечимин кабыл алды.

Эске салсак, 11-июнда адвокаттардын өтүнүчү менен сот ачык өтүп, ага журналисттер да катышып жаткан. “75чилердин каты” иши боюнча бир катар мурдагы жогорку кызматтагы аткаминерлер айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан