Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарында 34 бүтүрүүчү (анын ичинде 16сы муниципалдык мектептерде окуган) Алтын сертификат алышат.
Калаа бийлиги билдиргендей, быйыл борбордогу 120 муниципалдык мектепти 11 миң 869 бүтүрүүчү аяктаган. Алардын бардыгы ЖРТга катышышты.
Республика боюнча ЖРТнын жыйынтыгы менен эң жогорку упай топтогон 55 бүтүрүүчү Алтын сертификатка татыктуу болду.