Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы "Белес-Резорт" туристтик комплексинин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган комплексте туристтер үчүн эс алуу аймактары, спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылган инфраструктура каралган. Комплекс бир мезгилде 100-150 адамды кабыл алууга ылайыкталган. Объект август айында пайдаланууга берилет.