Синоптиктер билдиргендей, эртең, 23-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын табы: түнкүсүн +18... +20, күндүз +34 .. +36 градус.
Аймактарда абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16... +21, күндүз +32... +37;
- Талас жергесинде түнкүсүн +12... +17, күндүз +30... +35;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15... +20, күндүз +31... +36;
- Нарын аймагында түнкүсүн +8... +13, күндүз +22 .. +27;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10... +15, күндүз +23 .. +28.