Биз социалдык тармакта

Агартуу министрлиги кесиптик лицейлер тууралуу айтылган пикирге байланыштуу билдирүү таратты 

Агартуу министрлиги Жогорку Кеңештин жыйынында кесиптик лицейлерди Илим министрлигинин карамагына өткөрүү зарылдыгы тууралуу айтылган пикирге байланыштуу билдирүү таратты.
Анда айтылгандай, баштапкы кесиптик билим берүү системи мыйзамдарга ылайык Агартуу министрлигинин карамагында.
"Өз кезегинде Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку билим берүү, илим, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүк чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат. Демек, билим берүүнү башкаруунун учурдагы системи билим берүүнүн ар бир деңгээлинин өзгөчөлүктөрүн, максаттарын жана милдеттерин эске алуу менен түзүлгөн.
Акыркы жылдары Агартуу министрлиги тарабынан баштапкы кесиптик билим берүү системин модернизациялоо боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүп келет. Эмгек рыногунун талаптарына ылайык билим берүү программалары жаңыланып, дуалдык окутуу өнүктүрүлүүдө, иш берүүчүлөр жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтык чыңдалууда, заманбап билим берүү технологиялары жана адистерди даярдоодогу компетенттүүлүккө негизделген мамиле киргизилүүдө.
Жалпы билим берүүнүн 12 жылдык системине өтүү шартында өзгөчө кесиптик билим берүүнүн мааниси жогорулайт. Жүргүзүлүп жаткан реформа кесипке багыт берүү иштерин күчөтүүнү, окуучулардын практикалык көндүмдөрдү жана алгачкы кесипти алуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү, ошондой эле ийкемдүү билим берүү траекторияларын калыптандырууну карайт.
Ошол эле учурда билим берүү системин башкарууну өркүндөтүү маселелери комплекстүү жана тең салмактуу мамилени талап кылат. Ар кандай түзүмдүк өзгөртүүлөр алардын натыйжалуулугун кылдат талдоонун негизинде жүргүзүлүп, билим алуучулардын, педагогдордун, иш берүүчүлөрдүн жана аймактардын кызыкчылыктарын эске алышы, ошондой эле негизги максат - кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталышы керек",- деп жазылат билдирүүдө.
Министрлик кесиптик билим берүүнү мындан ары өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди конструктивдүү талкуулоого ачык экенин кошумчалаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан