Биз социалдык тармакта

ЖЫЛНААМА: Алп акын Турар Кожомбердиев көзү тирүү болгондо 85 жашка чыкмак

Бүгүн, 22-июнда таланттуу акын Турар Кожомбердиев көзү тирүү болгондо 85 жашка толмок. Ал кыска гана өмүр жашагандыгына карабастан, кыргыз адабиятына өчпөс из калтырып, балдар адабиятына зор салым кошкон.

Акын 1941-жылы Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун "Кыргызстан пионери" гезитинде адабий кызматкер болуу менен баштаган. Кийин "Кыргызстан" басмасында, Кыргыз ССР маданият министрлигинин аппаратында иштеген. 1976-жылдан 1989-жылга чейин маданият борборунда бөлүм башчы болгон.

Турар Кожомбердиевдин туңгуч ыры 1954-жылы "Кыргызстан пионери" гезитине басылып чыккан, 1959-жылы "Мугалимдер газетасына" жарыяланган "Мугалимге" аттуу ыры менен чыгармачылык жолу уланган. Биринчи ырлар жыйнагы 1961-жылы "Көлчүктөгү ай" деген ат менен басмадан чыккан. Акындын балдар поэзиясына кошкон эмгеги зор. Жеткинчектерге "Биз турган жер бийик тоо", "Тоо үстүндөгү күн", "Эне жана от" китептерин тартуулаган. Анын "Базарлык" аттуу китебинин чыгышы - анын чыныгы балдар акыны экенинин далилдеген. Мындан тышкары Турар Кожомбердиевдин жүздөгөн ырларына обон жазылган.

Акын ырларды гана жазбастан көптөгөн чет элдик чыгармаларды да кыргыз тилине которуп келген. Айта кетсек, Нодар Думбадзенин "Мен күндү көрөм" повестин, Витезслав Незвалдын ырлар жыйнагын жана Генрих Гейненин тандалма ырлар менен поэмаларын кыргызча которуп, китеп кылып чыгарган. Андан башка да көптөгөн котормолору коллективдүү поэтикалык жыйнактарга басылып чыккан.

1969-жылы "Кызыл алма" жана "Таңкы симфония" ырлар жыйнактары үчүн республиканын Ленин комсомол сыйлыгын алган. Ошол мезгилде бул атактуу сыйлыкты акын Алыкул Осмонов, андан кийин эле экинчи болуп Турар Кожомбердиев алган. Акындын ырлары орус, украин, казак, белорус, молдован, азербайжан, литва, латыш, өзбек, татар, хакас жана француз, англис тилдерине которулган.

Алп акын 1989-жылы 30-январда 47 жашында дүйнө салган. Анын 50 жылдык мааракесине карата Сары-Булак орто мектебине акындын ысымы берилген.

22-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан