Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Ардактуу конокту “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Белгилей кетсек, 23-июнда Касымалиев менен Ариповдун жетекчилигинде кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын тар жана кеңейтилген курамда 12-отуруму болот.
Жыйындардын алкагында эки тараптуу кызматташуунун маанилүү багыттары каралып, документтерге кол коюлат.