Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармердин кызматтан кетүү чечими өлкөдөгү саясий системдин терең кризисин көрсөтүп, Лондондун НАТОдогу таасирине да өз таасирин тийгизиши мүмкүн. Мындай пикирди түркиялык саясат таануучу, Turkish Center for European Studies борборунун жетекчиси Энвер Демирел Йылмаз билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, Стармердин отставкасы кадимки кадрдык өзгөрүү эмес, Британиянын башкаруу системиндеги жана партиялык түзүмүндөгү олуттуу көйгөйлөрдүн белгиси болуп саналат.
Эксперт белгилегендей, Улуу Британия НАТОдогу негизги аскердик державалардын бири болуп эсептелет жана АКШ, Франция, Германия менен бирге альянстын маанилүү чечимдерин кабыл алууда чоң роль ойнойт.
Йылмаздын пикиринде, өкмөт башчысынын алмашуусу НАТОнун Анкарада өтө турган саммитине даярдык көрүлүп жаткан учурда, ошондой эле Украинадагы жаңжал жана Европанын коопсуздугун чыңдоо маселелери талкууланып жаткан мезгилге туш келди.
“Лондондогу саясий туруксуздук убактылуу түрдө Британиянын альянс ичиндеги таасирин алсыратат жана бир катар маселелер боюнча бирдиктүү позицияны калыптандырууну татаалдаштырышы мүмкүн”,- деди эксперт.
Анын айтымында, союздаш мамлекеттер бийликти өткөрүп берүү процессине кылдат көз салышат. Анткени Улуу Британия НАТОнун эң ири аскердик донорлорунун бири болуп саналат, Украинага активдүү колдоо көрсөтүп келет жана альянстын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн негизги жактоочуларынын бири болуп эсептелет.