Ош шаарында катуу селден улам Ак-Буура суусу булганып, калаанын айрым аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулган.
Мэриядан маалымдашкандай, учурда тиешелүү адистер атайын мониторинг жүргүзүп, таза суу берүүнү калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Суу токтотулган аймактарга водовоз аркылуу суу жеткирилип жатат.