Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-июнда Чолпон-Ата шаарында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланып, саясий жана экономикалык алакаларды мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, эртең өтө турган Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын алдыга жылдырууда маанилүү роль ойной турганын айтты.
Өз кезегинде Абдулла Арипов жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Шавкат Мирзиёев тарабынан жолдонгон саламды жана жакшы каалоолорду жеткирди. Ал ошондой эле эки мамлекеттин лидерлери жетишкен макулдашууларды ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-өзбек мамилелерин достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк негизинде мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин ырасташты.