Ош шаарында таза суу берүү иштери кайра жанданды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суу учурда Ак-Буура дарыясынан алынып, Өзгүр суу бөлүштүрүү станциясына жеткирилүүдө. Ал жерде суу тазалоо жана фильтрация процесстеринен өтүп, андан соң резервуарларга топтолот.
Технологиялык иштер аяктагандан кийин таза суу шаар тургундарына этап-этабы менен бериле баштайт. Болжолдуу эсеп боюнча 2–3 сааттын ичинде үйлөргө суу жеткирилиши күтүлүүдө.
Шаар бийлиги убактылуу ыңгайсыздык үчүн түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.