Ырчы Максат Садырбеков жана анын жубайы, блогер Айсулуу Молдалиева жакында төртүнчү ирет ата-эне болорун сүйүнчүлөштү. Жубайлар бул кубанычтуу кабарын социалдык тармактагы баракчалары аркылуу бөлүшүп, күйөрмандарынан көптөгөн куттуктоолорду кабыл алышууда.
Жарыяланган видеодо түгөйлөр үй-бүлөсүнө дагы бир наристе кошуларын билдирип, жакындары жана күйөрмандары менен кубанычын тең бөлүшкөн.
Белгилей кетсек, Максат Садырбеков менен Айсулуу Молдалиева кыргыз шоу-бизнесиндеги үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн бири катары таанылып, учурда үч баланы тарбиялап келишет.