Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Мурат Божокоев аттуу жарандын Фейсбукта райондук милициянын ишине байланыштуу жарыялаган маалыматы боюнча билдирүү таратты.
Жаран "Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө оңдоо иштеринин жүрүшүндө 30дай кылмыш иши жоголгон" деген маалыматты жарыялаган.
"ИИМ буйруктарынын талаптарына ылайык, Аламүдүн РИИБинин архивинде сакталган кылмыш иштери боюнча жыл сайын инвентаризация жүргүзүлөт. Ушул жылдагы инвентаризациянын жыйынтыгы менен архивде сакталган бардык кылмыш иштери толук көлөмдө бар экендиги аныкталган. Ушуга байланыштуу Мурат Божокоев тарабынан таратылган маалымат чындыкка дал келбейт",- дешти милициядан.