Биз социалдык тармакта

Трамп Ормуз кысыгы толук ачылганын билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Тегерандын Швейцариядагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин Ормуз кысыгы жүк ташуулар үчүн толук ачылганын билдирди.

"Ормуз кысыгы боюнча иштерибиз абдан жакшы жүрүп жатат. Кечээ кысык аркылуу тарыхтагы эң көп көлөмдө мунай өттү. Кысык толугу менен ачык",- деген америкалык лидер.

18-июнда АКШ менен Иран өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Анын алкагында Ормуз кысыгы кайрадан ачылган. Бирок 20-июнда Иран тарап Израил өлкөсүнүн Ливандын түштүгүнө жасаган соккуларына жооп катары деңиз коридорун кайра жапкан.

22-июнда АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс кысык кайрадан ачылганын билдирди. Ал кеме каттамдарынын жанданышы мунай менен газдын дүйнөлүк бааларына таасир эткенин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан