Биз социалдык тармакта

Индияда окуу борборунан өрт чыгып, кеминде 15 адам каза болду

Индиянын Лакхнау шаарында үч кабаттуу коммерциялык имаратта чыккан ири өрттүн кесепетинен кеминде 15 адам каза болду. Бул тууралуу 22-июнда "The New Indian Express" басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, анда анимация боюнча окуу борбору, китепкана жана 3D-графика студиясы жайгашкан. Каза болгондордун көбү студенттер экени айтылууда. Дагы беш адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

"Биз окуя болгон жерге келгенде имараттан коюу түтүн чыгып жатканын көрдүк. Беш-алты адамды куткарууга жетиштик. Өрт башталганда бир адам дүрбөлөңгө түшүп, терезеден секирип кеткендиктен оор жаракат алды. Имараттын ичинде дагы эле адамдар бар",- деген күбөлөрдүн бири "Asian News International" агенттигине.

Жабыркагандарга жетүү үчүн куткаруучулар имараттын арткы дубалын бузууга аргасыз болушкан. Айрым студенттер жалындан качып, экинчи кабаттагы даараткана бөлмөлөрүнө бекинип алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан