Сейсмология институту берген маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында бүгүн, 23-июнда саат 06:31де жер титирөө катталды.
Маалыматка ылайык, ал 3 баллдын айланасында болгон.
Анын очогу Эгин-Жай айылынан 8 чакырым түндүк-батышта, Баткен шаарынан 100 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 105 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Калктуу конуштарда жер титирөө сезилген эмес.