Кечээ, 22-июнда айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Шамалды-Сай шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушуп, шаарды таза суу менен камсыздоо маселесин талкуулады.
Жолугушууда суу чыгаруу тутумун өнүктүрүү жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу маселелери каралды.
Анда Шамалды-Сай шаарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо көйгөйүнө өзгөчө көңүл бурулуп, шаардык кеңештин депутаттары бул маселе боюнча кайрылууларын жана сунуштарын билдиришти.
Министр Акунбеков көйгөйдү чечүү үчүн "Таза Суу" департаментине маселени өзгөчө көзөмөлгө алып, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана каржылоо булактарын аныктоо иштерин тездетүүнү тапшырды.