
Чүйдүн Ысык-Ата районуна караштуу Ак-Кудук айыл өкмөтүнө ири өлчөмдө айып пул салынды. Бул тууралуу 23-июнда Жаратылыш министрлиги билдирди.
Буга ал айылда мыйзамсыз таштанды талаасы аныкталганы себеп болгон.
Аталган факт боюнча жалпы суммасы 68 000 сом айып пул салынып, эскертүү берилди.