Чүй облустук милициясы 14 жаштагы өспүрүмдүн кайрылуусу боюнча иликтөө башталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, өспүрүмгө денесинде жаракаттардын бар-жогун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Бул иш Чүй ОИИББ жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.
Буга чейин интернет желесинде 14 жаштагы өспүрүмдүн видеокайрылуусу жарыяланган. Анда ал туугандары тарабынан зомбулукка кабылып келерин билдирген.