Биз социалдык тармакта

Месси Дүйнө чемпиондугунун тарыхында эң көп гол киргизген оюнчу аталды

Аргентина курамасынын капитаны Лионель Месси футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тарыхындагы эң көп гол киргизген оюнчу аталды.

Австрияга каршы беттеште Аргентина 2:0 эсебинде жеңишке жетип, Дүйнө чемпиондугунда плей-оффко чыкты. Оюндун 38-мүнөтүндө Месси гол киргизип, өзүнүн рекордун дагы бир жолу жаңылады. Бул голдон кийин анын Дүйнө чемпиондугундагы жалпы голдорунун саны 18ге жетти. Учурдагы турнирде ал 2 оюнда 5 гол киргизди.

Буга чейин 38 жаштагы футболчу Алжирге каршы беттеште хет-трик жасап, Дүйнө чемпиондугунда 16 гол киргизген Мирослав Клозенин рекордуна теңелген болчу.

Мындан тышкары, бул оюн Мессинин Дүйнө чемпиондугундагы 28-беттеши болуп, ФИФАнын тарыхында рекорд катары катталды. Бул анын карьерасындагы алтынчы Дүйнө чемпиондугу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан