Бишкек-Ош унаа жолундагы Өтмөк жана Ала-Бел ашууларынын ортосунда 3 марал жүргөнү байкалган.
Жаратылыш министрлиги алар Таластын “Беш-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркына Алтай өрөөнүнөн атайын алынып келинген маралдар экенин билдирди.
Маралдар жаратылыш паркынан аталган ашууларга өз алдынча чыгып кетишкен. Аларды аталган аймактагы малчылар байкап, тийиштүү мамлекеттик мекемелерге кабарлашкан. Маралдар жакын арада кайра “Беш-Таш” жаратылыш паркына жеткирилет.
Белгилей кетсек, маралдар 2022-жылы Кыргызстанга алынып келген.