Чүйдөгү "Гаваи" эс алуу борборунун аймагында мушташ орун алып, 22 жаран милицияга жеткирилди. Бул тууралуу облустук милициядан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, окуя кечээ саат 23:47 чамасында катталган.
Окуянын катышуучулары ортосундагы пикир келишпестиктен улам мушташ чыккан. Кийинчерээк алар унаалар менен бири-бирин кууп жүрүшүп, ок атылып жана таш ыргытылган. Натыйжада Мерседес-Бенц Спринтердин айнектери жана күзгүлөрү талкаланган.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Окуяга тиешеси бар делген 22 жаран жана 5 автоунаа аныкталып Чүй РИИБиге жеткирилген.