Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Жогорку соттун судьясынын кызматына президент тарабынан сунушталган Алмаз Калыбаевдин талапкерлиги каралды.
Талапкер тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев маалымат берди. Айтымында, Калыбаев буга чейин Жайыл райондук сотунун судьясы болуп иштеп келген.
Анын талапкерлиги комитет тарабынан жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.