Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Өзбекстан кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашты

Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 12-жыйыны өттү. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов төрагалык кылышты.

Жолугушууда эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыгы талкууланды. Тараптар аймактар аралык кызматташтыкты күчөтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 1 миллиард доллардан ашып, өткөн жылга салыштырмалуу 19 пайызга өстү. Ал 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 2 миллиард долларга жеткирүү максаты коюлганын белгиледи.

Ошондой эле тараптар өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, биргелешкен индустриалдык парктарды жана логистикалык комплекстерди түзүү, “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу, ошондой эле "Камбар-Ата-1" ГЭСи боюнча кызматташууну талкуулашты.

Жыйын соңунда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 12-жыйынынын протоколуна кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан