Биз социалдык тармакта

Жумгалда акыркы 5 жылда 15 социалдык объект пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаров 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун тургундары менен жолугушууда акыркы беш жылда райондо мектеп, бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт жана башка 15 социалдык объект пайдаланууга берилгенин билдирди.

Анын айтымында, учурда райондо курулуш, жол, ирригация жана таза суу тармактарында жалпы 2 миллиард 833 миллион сомдук иштер жүрүп жатат.

Мамлекет башчысы азыркы тапта 4 курулуш объектиси салынып жатканын, дагы 14 социалдык объект боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалып, жакын арада курулуш иштери башталарын айтты.

Ошондой эле Жумгал аймагындагы эл аралык маанидеги Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 143 чакырымына асфальт төшөлгөнү белгиленди. Мындан тышкары, үнөмдөлгөн каражат жана республикалык бюджеттин эсебинен 35 чакырым ички жол асфальтталган.

Президент учурда Сары-Булуң – Миң-Куш унаа жолунун 22 чакырымына да асфальт төшөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан