
Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиянын 12-жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Жыйын Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында өттү. Анда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана өнөктөштүктү тереңдетүү маселелери талкууланды.
Жыйында Адылбек Касымалиев Кыргызстан Өзбекстан менен экономикалык байланыштарды чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи. Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү туруктуу өсүүдө.
Ал 2025-жылдын жыйынтыгында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 1 миллиард доллардан ашып, бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 19 пайызга жогорулаганын айтты.
Мындан тышкары, акыркы беш жыл ичинде эки өлкөнүн соода алакасы эки эсеге көбөйгөнү белгиленди. Тараптар 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнү 2 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылып жатышат.