Таласта курулуш материалдарын сатуучу соода түйүнүнүн курулушунда мыйзам бузуу фактылары катталды.
Курулуш министрлиги билдиргендей, аталган жай Кызыл-Адыр айылында жайгашкан.
Аталган объектте курулуш ченемдери жана техникалык регламенттер толук сакталган эмес. Бул өз кезегинде курулуш мыйзамдарынын талаптарын жана ченемдерин одоно бузуу болуп саналат.
Натыйжада, К. Э. А. аттуу жаранга карата протокол түзүлүп, 200 000 сом айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.