15-июнда Ингушетиянын Карабулак шаарында 8 жаштагы Хизир Дербичев сууга чөгүп бара жаткан досун куткарууга аракет кылып жатып, Сунжа дарыясынын агымына агып кеткен.
Баланы издөө иштерине 20 миңден ашуун адам тартылып, алардын арасында Меккеге жөө сапар тартып бара жаткан кыргызстандык жаран да болгон. Ал бир нече күн бою ыктыярчылар менен бирге издөө иштерине катышкан.
Кыргызстандык жарандын бул аракетине ыраазы болгон чечен жигиттери ага умра сапарына жолдомо белек кылышкан. Бул окуя социалдык тармактарда кеңири талкууланып, боордош элдердин ынтымагын жана адамгерчилигин көрсөткөн мисал катары бааланууда.