Биз социалдык тармакта

Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын элчисин кабыл алды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен падышалыгынын элчиси Николас Боулерди анын дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыктын активдешүүсү белгиленди.
Тараптар ушул жылдын февраль айында Лондондо өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Улуу Британиянын ТИМ башчыларынын "С5+Улуу Британия" форматындагы биринчи жолугушуусу ийгиликтүү өткөнүн канааттануу менен белгилеп, анын аймактык өз ара аракеттенүүгө жаңы дем бергенин айтышты.
Мындан тышкары, элчи Боулер Кыргызстанды 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.
Тараптар ошондой эле кыргыз-британ кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын мындан ары өнүктүрүүнү ырасташты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан