Биз социалдык тармакта

Таласта бир күндө 29 кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

22-июнда Талас облусунда бир күндө 29 кичи футбол аянтчасы расмий түрдө ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, спорттук объектилер жаштарды сергек жашоого үндөө жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүү максатында президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен курулган.

Кичи футбол аянтчалары Талас шаарында 15, Манас, Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондорунун ар биринде 5тен курулду.

Президенттин облустагы өкүлү Эрмат Жумаев бардык курулуш иштери сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аяктаганын белгилеп, жаңы аянтчалар мындан ары жалпы элдин пайдалануусуна берилерин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан