
Кыргызстанда биринчи жолу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн Эл аралык илимий-билим берүү лагери өткөрүлөт.
Иш-чара 5-20-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы президенттик "Акылман" лицейинин базасында уюштурулат.
Ага ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мектеп окуучулары, академиялык профессорлор, илимий насаатчылар, ошондой эле билим берүү жана илим тармагындагы мекемелердин өкүлдөрү катышат.
Лагерь билим жана тажрыйба алмашууга, илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө, биргелешкен изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга жана уюмга мүчө мамлекеттердин таланттуу жаштарынын достук байланыштарын чыңдоого багытталган.