Чүй облусунун Кегети капчыгайында суудан изделип жаткан эки өспүрүмдүн биринин сөөгү табылды.
ӨКМ 12 жаштагы өспүрүм кыздын денеси суудан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилгенин кабарлады. Ал эми 6 жаштагы баланы издөө иштери уланууда.
Буга чейин Кегети капчыгайында унаа сууга түшүп, эки бала дайынсыз болуп жатканы кабарлаган.