Биз социалдык тармакта

Президент Кочкордогу ипотекалык турак жай курулушун текшерди

Президент Садыр Жапаров 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор айылында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан көп батирлүү турак жай комплексинин курулушу менен таанышты.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, 2 гектар жер тилкесинде беш кабаттуу 8 блоктон турган турак жай комплекси курулууда. Жалпы жонунан анда 217 батир каралган.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев учурда курулуш иштери 80 пайызга аяктаганын билдирди.

Курулуш менен таанышкан мамлекет башчысы долбоорду белгиленген мөөнөттө бүтүрүү жана аткарылып жаткан иштердин сапатына көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан