Биз социалдык тармакта

Аттестат тапшыруу салтанаттарында коопсуздукту камсыздоого 5 миңден ашык милиция тартылат

26-июнда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу салтанаттары өтөт. Буга байланыштуу коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоо максатында 5 миңден ашык милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, салтанат өтүүчү жайларда, коомдук эс алуу аймактарында, көл жээктеринде жана шаар сыртындагы жерлерде кайгуул кызматы күчөтүлөт.

Милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктардын алдын алуу максатында бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан