Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек ара маселелерин тактоо иштери уланууда. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Маалыматка ылайык, мурда Өзбекстанга тиешелүү болуп келген Фергана облусуна караштуу Чоңгара жана Таш-Төпө айылдары жашоочулары менен кошо Кыргызстандын аймагына өттү. Бул аймактарда болжол менен 2500 адам жашайт.
Учурда аталган айылдарда каттоо иштери жүргүзүлүп, жашоочуларга Кыргызстандын жарандыгын берүү процесси башталганы айтылды.
Таян айылы аркылуу Баткенге чейин 55 чакырым жол жүрөбүз.Эске салсак, кыргыз-өзбек чек ара маселеси 2021-жылы такталып, тиешелүү документтерге эки өлкөнүн президенттери кол койгон.