Легендарлуу португалиялык футболчу, Криштиану Роналду Хьюстон шаарындагы стадионго келди. Бүгүн, 23-июнда, бул жерде Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабындагы Португалия менен Өзбекстандын улуттук курамаларынын беттеши өтөт.
Дүйнөлүк футбол жылдызынын стадионго келиши күйөрмандардын арасында чоң ажиотаж жаратты. Алар дароо эле сүйүктүү оюнчусун сүрөткө жана видеого тартып башташты.
Бүгүн миллиондогон футбол күйөрмандарынын көңүлү ушул оюнга бурулуп турат. Ал эми Өзбекстандын курама командасын Дүйнө чемптондугундагы дагы бир тарыхый сыноо күтүп жатат. Роналду баштаган Португалияга каршы беттеш өзбек футболу үчүн маанилүү жана жооптуу оюндардын бири болууда.