Биз социалдык тармакта

“Үйүңдү өрттөсөң, акча аласың”: Алаяктарга ишенген аял батирин өрттөп, кырсыкка кабыла жаздады

Орусиянын Челябинск шаарында алаяктардын айткан сөзүнө ишенип алган аял өз батирин өрттөп жибере жаздады.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, алгач аял шылуундардын эсебине 40 миң рубль которгон. Андан соң алар өздөрүн “камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча адис” деп тааныштырып, батирин өрттөсө, чоң өлчөмдө компенсация аларын айтышкан.

Жалган схемага ишенип калган аял алардын көрсөтмөсү менен төшөктү өрттөй баштаган. Шектүүлөр болсо видеобайланыш аркылуу анын аракетин көзөмөлдөп, кагаздарды отко салууну жана кеминде 5 мүнөт күтүү керектигин талап кылышкан.

Бактыга жараша, кырсык чоң трагедияга айланган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан