Биз социалдык тармакта

Португалия биринчи таймда Өзбекстандын дарбазасына үч гол киргизди

Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычындагы Португалия – Өзбекстан беттешинин биринчи таймы аяктады.

Португалия оюнду ишенимдүү баштап, биринчи таймда эле үч гол киргизди. Алардын экөөсүн легендарлуу футболчу Криштиану Роналду киргизип, дубль жасады. Мындан тышкары Роналду дүйнө чемпиондуктарынын алты түрдүү мелдешинде гол киргизген тарыхтагы алгачкы футболчу болду.

Өзбекстандын футболчусу Азизжон Ганиев 29-мүнөттө атаандаштын дарбазасын таап, эсепти кыскарткан. Бирок калыстар гол алдындагы Аббосбек Файзуллаевдин фолун аныктап, голду жокко чыгарышты.

Экинчи таймда Өзбекстандын курамасы эсепти кыскартууга аракет кылса, Португалия артыкчылыгын сактап калууга жана көбөйтүүгө умтулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан