Лионель Месси бүгүн 39 жашка толуп, дүйнөлүк футбол тарыхында өз ордун бекемдеген эң ири оюнчулардын бири бойдон калууда. Ал 1987-жылы 24-июнда Аргентинанын Росарио шаарында төрөлүп, кичинекей кезинен эле өзгөчө талантын көрсөтө баштаган. Бирок 11 жашында ага өсүү гормонунун жетишсиздиги диагнозу коюлуп, бул анын спорттук келечегине олуттуу коркунуч жараткан. Дал ошол учурда "Барселона" клубу анын дарылануусун каржылоого макул болуп, Мессинин дүйнөлүк футболго жолун ачкан.
"Барселонадагы" алтын доор
Каталония клубунда Месси “алтын муундун” лидери болуп, бир нече рекорддорду жаңырткан. Ал клуб менен Чемпиондор Лигасын, Ла Лиганы жана башка көптөгөн трофейлерди утуп, тарыхтагы эң мыкты оюнчулардын бири катары таанылды. Анын ойноо стили, ылдам чечим кабыл алуу, так соккулары футбол илиминде өзүнчө феномен катары каралат.
Улуттук курамадагы кыйын жол
Месси Аргентина улуттук курама командасы менен чоң ийгиликке жетишти. Курама 2021-жылы Американын футбол боюнча кубогунда жеңишке жетип, өлкөсүнө биринчи чоң титулду алып келген. Бул жеңиш анын карьерасындагы эң эмоционалдуу учурлардын бири катары бааланат.
2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунда болсо Месси өзүнүн лидерлигин толук далилдеп, Аргентинаны дүйнө чемпиону кылды. Бул анын мурасын түбөлүккө бекемдеген учур болду.
АКШдагы жаңы этап
Учурда Месси америкалык "Интер Майами" клубунда ойноп, АКШ футболунун деңгээлин жана популярдуулугун көтөрүүдө. Анын аталган клубга келиши Америка менен Канададагы Башкы футбол лигасына дүйнөнүн көңүлүн бурдуруп, стадиондорду толтурган жаңы толкун жаратты.
Кызыктуу фактылар

Месси учурда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун группалык этапындагы Австрияга каршы жеңиши бир эле учурда төрт рекордду жаңылады. Бул тууралуу Гиннесстин рекорддор китебинин өкүлдөрү X социалдык тармагында билдиришти.
Месси койгон рекорддор:
39 жаштагы Месси Австрияга каршы беттеште дубль жасап, дүйнө чемпионаттарынын эң мыкты бомбардири болуп калды. Ал мурдагы рекордчулары геманиялык Мирослав Клозе жана француз Килиан Мбаппеден эки гол менен алдыга чыкты. 39 жаштагы Месси бүгүн да футбол дүйнөсүндө тирүү легенда катары сакталып турат. Анын карьерасы жаш спортчулар үчүн мотивация, ал эми күйөрмандар үчүн футбол искусствосунун эң жогорку үлгүсү бойдон калууда.


Үй-бүлөсү