Өзбекстандын улуттук курама командасынын коргоочусу Абдукодир Хусанов Португалиядан жеңилгенден кийин эмоциясын жашыра албай, көзүнө жаш алган.
Эске салсак, Дүйнө чемпиондугунун экинчи турундагы беттеш португалиялыктардын 5:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктаган.
Тийиштүү видео социалдык тармактарда тарап, оюнчу интернет колдонуучуларынын колдоосуна ээ болууда. Кураманын беттешке катышуусунун өзү чоң жеңиш экенин жазышууда.
Эми Өзбекстандын курама командасын тайпалык баскычтагы акыркы оюн күтүп турат. Алар Конго курамасына каршы беттешет. Бул оюн тайпадан чыгуу үчүн күрөштө чечүүчү мааниге ээ.