Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Ат-Башынын тургундарынын көйгөйүн укту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү тууралуу айтып берди.

Ал акыркы жылдары аймактын бюджетинин олуттуу өскөндүгүн, мамлекеттик каржылоонун көлөмү көбөйгөндүгүн, ошондой эле калктын айлык акысын, пенсияларын жана социалдык төлөмдөрүн жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди белгиледи.

Андан ары президент Ат-Башы районун өнүктүрүү маселелерине токтолуп, өнөр жай, жол куруу, социалдык чөйрө жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда оң динамика байкалганын айтты.

Райондун өнөр жай продукциясынын көлөмү беш жыл аралыгында 4,5 эсеге өскөн. Район боюнча 2021-2025-жыл аралыгында 44 чакырым жолго асфальт төшөлсө, быйылкы жылы 31 чакырым жолго асфальт басуу иштери пландалыптыр, бул иштер жыл аягына чейин толук аткарылат деп ишенем. Акыркы жылдары жол тармагына өзгөчө көңүл буруп келе жатабыз, атайын жол тармагына 19 техника алып бердик”,- деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчы көйгөйлүү делген Ат-Башы-Өзгөрүш, Ат-Башы – Ак-Муз айыл аралык унаа жолдору жакынкы жылдары толук бүткөрүлөрүн, Ак-Моюн – Талды-Суу көпүрөсүнүн курулушу башталарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан