Бишкек шаарында 26-июндан тартып Иманалиев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.
Мэриядан маалымдашкандай, реконструкциянын экинчи этабында Иманалиев көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгүндө да кыймыл чектелет.
Мэрия шаар тургундарын маршруттарын алдын ала пландап алууга чакырат.