Биз социалдык тармакта

Парламентте Ош шаарындагы таза суу көйгөйү көтөрүлдү (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кудайбердиев парламенттин 24-июндагы жыйынында Ош шаарындагы таза суу көйгөйү тууралуу маселе көтөрдү.

Эл өкүлү анда калаадагы таза суу маселесин эрте чечүү зарылдыгын белгиледи. Айтымында, жаан-чачын учурунда калаа тургунары суу көйгөйүнө кабылып жатышат.

"Өткөн жумадагы нөшөрлүү жамгырдын айынан Ош шаарында сел жүрүп, таза суу маселеси көйгөй жаратты. Тийиштүү жергиликтүү органдарга тапшырма берип, бул көйгөйдү эрте чечпесе, ар жолу жаан-чачында таза суу токтоп калат.

Буга чейин шаарды таза суу менен камыз кылуу боюнча АРИС тарабынан долбоор иштелип, 99 пайызы бүтүп калган. Бирок ал ишке берилбей турат",- деп депутат өкмөттүн парламенттеги өкүлү Бектур Зулпиевге кайрылды.

Парламентте Ош шаарындагы таза суу көйгөйү көтөрүлдү 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан