Кечээ, 23-июнда "Эки сулуу" деген ат менен таанылган эже-сиңдилердин бири Жеңишгүлдүн кыз узатуу тою болуп өттү.
Той Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде болуп, ага анын жакын санаалаштары, достору катышты.
"Эки сулуу" аты менен таанылган кыздар социалдык тармактарда ар кандай пародияларды аткарып, элдин маанайын көтөрүп келгени менен белгилүү.