Биз социалдык тармакта

Дүйнө чемпиондугунда кыймылдабай күйөрмандык кылган Конгонун фанаты тууралуу кызыктар (видео)

Футбол дүйнөсүндө өзгөчө күйөрмандар көп кездешет. Айрымдары жүзүн боёп, айрымдары улуттук кийимдерди кийип же өзгөчө шоуларды уюштуруп командасын колдошот. Бирок Конго Демократиялык Республикасынын күйөрманы Кука Мболадинга булардын баарынан айырмаланып турат. Учурда Дүйнө чемпиондугунда кызыгууну арттырып жаткан фанат тууралуу SUPER.KG порталы кызыктуу фактыларды чогултту.

Ал Кука Мболадинга. Бул ким?

  • Ал Конго Демократиялык Республикасынын улуттук командасынын күйөрманы.
  • Күйөрмандар арасында "Тирүү эстелик" деген каймана ат менен белгилүү.
  • Ал мындай көрүнүштү 2013-жылдан бери жасап келет, бирок дүйнөлүк атактуулукка 2025-жылкы Африка Кубогунда жеткен.

Кызыктуу фактылар

  • Мболадинга оюн башталгандан акыркы ышкырыкка чейин таптакыр кыймылдабай тура алат. Бир жолу ал 120 мүнөттөн ашкан беттеште да ошол эле абалын сактап калган.
  • Анын бул аракети Конгонун көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн сясатчы Патрис Лумумбанын элесине арналган патриоттук миссия экенин өзү айткан.
  • 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунда анын сапарын Конго футбол федерациясы каржылаган.
  • Дүйнө чемпиондугунда алгачкы беттешин виза жана карантин маселелеринен улам өткөрүп жиберген, бирок кийин Мексикага келип командасын колдогон.
  • Анын өзгөчө образынан кийин аны ЖМКлар "Дүйнө чемпиондугундагы эң өзгөчө күйөрман" деп атап алышты.

Кука Мболадинга жөн гана футбол күйөрманы эмес. Ал өз өлкөсүнүн тарыхын, улуттук сыймыгын жана Патрис Лумумбанын мурасын дүйнөгө таанытып жаткан символго айланган. Анын ар бир беттештеги үнсүз турушу миңдеген адамдарды Конгонун тарыхына кызыктырып келет.

53 жаштагы Кука Мболадинга футбол күйөрмандарынын гана эмес, Конго Демократиялык Республикасынын президентинин да көңүлүн бурган. Өлкө башчысы Феликс Тшисекеди ага жаңы жол тандабас унаа белек кылган. Унаанын мамлекеттик номеринде француз тилиндеги "CADEAU DU PRÉSIDENT" (Президенттин белеги) деген жазуу бар.

Дүйнө чемпиондугунда кыймылдабай күйөрмандык кылган Конгонун фанаты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан