
Бишкекте 18 жаштагы
Жыпара Сулайманкулова дайынсыз болуп изделип жатат.
Ленин райондук милициясына анын жакындары кайрылып, издөө иштерине көмөк сураган.
Алардын айтымында, Сулайманкулова 22-июнда саат 21:00дө жумушунан ("Жасмин" кафесинде) чыгып кеткен бойдон үйүнө кайтып барган эмес.
Белгилери: бою 150-155 сантиметр, салмагы болжол менен 50 килограмм, чачы кара.
Кийген кийимдери: кара түстөгү футболка, спорттук шым.
Ленин райондук милициясы аталган жаран тууралуу маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнөт. 0 224 214 346, 0705450553, 0 707 143 471 же 102.