Ош шаарында мурда пайдаланылбай турган суу кампасын кайрадан ишке киргизүү боюнча иштер башталды. Учурда резервуарга суу толтурулуп, борбордук системге туташтыруу иштери жүрүүдө.
Буга чейин шаарда жаан-чачындан улам Ак-Буура суусунун ылайлануу деңгээли нормадан жогору болуп, шаардын батыш бөлүгүнө таза суу берүү убактылуу токтотулган.
Түзүлгөн кырдаалда өткөн жылдын октябрь айында пайдаланууга берилген суу кампасынын бош турганы аныкталган. Суу керек учурда шаардын батыш тарабына системди туташтыруу ишин жүргүзбөгөндүгү үчүн “Ошшаарсууканал” ишканасынын жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулган.