Аргентиналык футбол жылдызы Лионель Месси жакын арада карьерасын жыйынтыктоо планы жок экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 39 жашка толгон чабуулчу ден соолугу мүмкүнчүлүк берип, командасына пайдасын тийгизип турган учурда футбол ойноону улантарын журналисттерге айткан.
“Өзүмдү физикалык жактан жакшы сезип, командалаштарыма жардам бере алып жатканымда ойной берем”,- деген Месси.
Белгилей кетсек, аргентиналык футболчу Дүйнө чемпиондуктарынын тарыхындагы эң мыкты бомбардир болуп калды. Анын эсебинде учурда 18 гол бар.