Биз социалдык тармакта

Ош облусу жеңил атлетика боюнча республикалык оюндардын жеңүүчүсү болду

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында өтүп жаткан республикалык “Мен чемпионмун” оюндарынын алкагындагы жеңил атлетика боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Кыргызстандын балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучулары катышкан мелдеште командалык эсеп боюнча эң мыкты жыйынтыкты Ош облусунун командасы көрсөтүп, биринчи орунду ээледи.

Жыйынтык боюнча:
1-орун - Ош облусу;
2-орун - Жалал-Абад облусу;
3-орун - Чүй облусу.

Республикалык оюндар жаш спортчулардын чеберчилигин жогорулатууга, дене тарбияны өнүктүрүүгө жана келечектеги чемпиондорду тарбиялоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан